Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:19

Мэттис: Орусиянын Крымды басып алышын эч качан кабыл албайбыз


Кошмо Штаттардын коргоо министри Жим Мэттис жана Украинанын президенти Петро Порошенко.

Кошмо Штаттардын коргоо министри Жим Мэттис Орусияны "күч менен эл аралык чек араларды кайра бычууну көздөп жатат" деп айыптап, "Вашингтон эч качан Москванын Крымды басып алышын тааныбайт" деп дагы бир ирет ырастады.

Мэттис мындай билдирүүнү 24-августта Киевде президент Петро Порошенко менен болгон жолугушуудан кийинки биргелешкен маалымат жыйында жасады. Ал "Кам санабагыла, Кошмо Штаттар Украинаны колдойт",-деп кошумчалады.

Мэттис ошондой эле Американын Киевге курал-жабдык жеткирүүсү боюнча суроону карап жатканын, бул тууралуу өз позициясын АКШ президенти Дональд Трампка жеткирерин айтты.

Пентагондун башчысы кошумчалагандай, АКШ Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжал дипломатиялык жол менен чечилишин жактайт.

2014-жылы өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосунда башталган согуш он миңдей адамдын өмүрүн алды.

Бүгүн Украина эгемендиктин 26-жылдыгын майрамдап жатат. Буга байланыштуу Киевдин борборунда аскерий парад өтүп, ага алгачкы ирет НАТОго мүчө тогуз мамлекеттин аскерлери катышты.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG