Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Кушнер Израил жана Палестина лидерлери менен жолугат


АКШ президенти Дональд Трамптын улук кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер.
АКШ президенти Дональд Трамптын улук кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер.

24-августта АКШ президенти Дональд Трамптын улук кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер Израил жана Палестин лидерлери менен Иерусалим жана Рамаллах шаарларында жолугушат.

Кушнер Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен эки тараптын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү прогресске жетүү кадамдарын талкуулайт.

Кушнер баштаган делегация Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жүрөт. Делегациянын курамында Трамптын жардамчысы Жейсон Гринблат жана Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Дина Пауэл да бар.

23-августта алар Египеттин президенти жана тышкы иштер министри менен жолугушту. Египет Вашингтондун Каирге көргөзүп келген жылдык жардамын кыскартуу чечимине тынчсыздануусун билдирип келген.

Ошондой эле Кушнер башында турган делегация өкүлдөрү Иордания, Катар, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирликтеринин лидерлери менен жолугушуп, аймактагы кырдаалды талкуулашты.

XS
SM
MD
LG