Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Пакистан лидерлери АКШнын сынына жооп кайтаруу үчүн чогулушту


Пакистандын премьер-министри Шахид Хаган Аббаси.
Пакистандын премьер-министри Шахид Хаган Аббаси.

Пакистандын жакында эле дайындалган премьер-министри Шахид Хаган Аббаси Пакистандын аскерий жетекчилери жана жогорку даражадагы расмийлери менен Кошмо Штаттардын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясына кандай жооп кайтаруу керектигин талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешин чогултту.

Армия башчысы, генерал Камар Жавед Бажва жана тышкы иштер министри Хаваджа Асиф да бул жыйынга катышканын өлкөнүн басылмалары жазышты.

Асиф 23-августта жасаган билдирүүсүндө "АКШ Ооганстандагы ийгиликсиз операциялары үчүн Пакистанды күнөөлөй бербеши керек" деп айткан. Ал эми Американын Пакистандагы элчиси менен жолугуп жатып, генерал Бажва "Ооганстандагы тынчтык Пакистан үчүн да маанилүү" экенин билдирген.

Буга чейин Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Пакистан талиптер жана башка экстремисттик топторго каршы күрөшпөсө, Вашингтондун НАТОдон тышкаркы эң ири өнөктөшү деген статусунан кол жууп калышы ыктымал деп эскертти.

21-августта АКШ президенти Дональд Трамп да "Исламабад экстремисттик топторду колдоодо, Вашингтон андай аракеттерге мындан ары чыдабайт" деп айткан.

XS
SM
MD
LG