Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 06:13

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөттүн жаңы курамын карайт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Жыйында премьер-министрликке сунушталып жаткан Сапар Исаков программасы менен тааныштырат.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы 24-августта өкмөттүн жаңы курамын талкуулаган. Курамга айрым орун алмашуулар сунушталып жатканын “Азаттык” радиосуна фракция мүчөсү Кожобек Рыспаев билдирген.

Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясы өкмөттүн курамын өзгөртүп, жаңы премьер-министрдин дайындалышына каршы экенин фракция мүчөсү Таабылды Тиллаев “Азаттыкка” берген маегинде билдирген. Эл өкүлү саясий жараяндын алдында өкмөттү алмаштыруу шайлоонун таза өтүшүнө шек жаратарын айткан.

Мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого байланыштуу 21-августта кызматын тапшырган.

Мыйзам боюнча өкмөт отставкага кеткенден кийин жаңы курамды парламент түзүшү керек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG