"Мекенчил" партиясынын лидери, экс-депутат жана оппозициячыл саясатчы Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин соту уланат. Адвокат Шарабидин Токтосуновдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, сот жараянында тараптардын жарыш сөзү башталат.
Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Садыр Жапаров 2013-жылы Кумтөр алтын кенине байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка күнөөлөнүп, быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган жана УКМКга алынып келинген. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын он экиси камакка алынган. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-августта Садыр Жапаровду Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча толук актап, 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Аны 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести. Жапаров сот чечимин бийликтин буйругу деп баалаган, адвокаты Бишкек шаардык сотко кайрылган. (КЕ)