Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Жети-Өгүздө Жанек баатырдын 200 жылдыгы белгиленип жатат


Жети-Өгүз районунун Тосор айылында өтүп жаткан Жанек баатырдын 200 жылдык мааракесине карата манасчылар үч күн, үч түн тынбай "Манас" айтышууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Тосор" коомунун жетекчиси Тыныбек Жукешев билдирди. Анын айтымында, баатырды эскерүүгө арналган иш-чарага республиканын бардык аймактарынан келген манасчылар катышып жатат.

Бул мааракеге арналып көл жээкте этнокомплекс ачылып, таш сахна жасалган. 26-август күнү ал жерде театралдаштырылган маданий иш- чаралар көргөзүлөт. Андан сырткары улуттук оюндар ойнотулуп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзүлөт.

Өткөн жылы Жанек баатырдын 200 жылдыгын утурлай өткөрүлгөн илимий конференциянын алкагында баатырдын эстелик күмбөзү Тосор айылынын күн батыштагы чыга беришине орнотулган. Жанек баатыр 18-кылымда желдең уруусунан чыккан кол башчы болгон.(AsM)

XS
SM
MD
LG