Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Бакуда “Туран” маалымат агенттигинин директору кармалды


Азербайжандын көз карандысыз “Туран” маалымат агенттигинин директору Мехман Алиев Бакуда кармалды. Ал салык төлөөдөн качкан деп айыпталып жатканын аталган агенттик жазды. Полиция бөлүмүнө алынып келинген Алиевдин баш коргоо чарасы 48 сааттын ичинде каралышы керек. Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет жана адам укуктары жаатында иш алып барган Human Rights Watch уюму Азербайжан бийлигине кайрылып, “Турандын” ишине кийлигишпөөгө чакырды.

Буга чейин Азербайжандын Салык департаментинин кызматкерлери "Туран" маалымат агенттигинин Бакудагы кеңсесин тинткен. Көз карандысыз агенттикте иштегендердин жеке буюмдарын да текшерип, документтерди конфискациялашканы кабарланган. 7-августта "Туран" салык төлөөдөн качкан деген айып боюнча тергөө башталган.

Тергөөчүлөр агенттик 2014-2016-жылдар аралыгында 37 миң манат же 21,5 миң доллар салык төлөбөй койгон дешет. Ал эми редакция дооматтарды четке кагып, иликтөөнү саясатка байланыштырууда. Алиев “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна эч кандай салык мыйзамдарын бузбаганын билдирген.

1999-жылы негизделген "Туран" азери, орус жана англис тилдеринде материалдарды чыгарып, эл аралык алдыңкы кабар агенттиктери менен кызматташат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG