24-августта АКШ президенти Дональд Трамптын улук кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнер Израил менен Палестина ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, ал Иерусалимде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен жолукту. Андан соң Рамаллах шаарында Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен эки тараптын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү прогресске жетүү кадамдарын талкуулады.
Палестин автономиясынын тышкы иштер министри Рияд Малки “Палестин үнү” радиосуна бейшембиде берген интервьюсунда Кушнердин сапары учурунда “так жооп” алууга аракет кыларын айткан. Ошондой эле палестин аймагынын көз карандысыздыгы боюнча АКШнын көз карашын сурай турганын билдирген.
Кушнер баштаган делегация Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жүрөт. Делегациянын курамында Трамптын жардамчысы Жейсон Гринблат жана Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Дина Пауэл да бар.(КЕ)