Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:11

Кытай Жыргалаң көмүр кенине инвестиция берет


Жыргалаң шахтасында карьер ичинде калган эки шахтерду куткаруу учуру. 23-апрель, 2017-жыл

Ак-Суу районунун акими Улан Доконбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Жыргалаң айылындагы көмүр кенине Кытайдын Шанси провинциясы жардам көрсөтөт. Жыргалаңдагы көмүр кени жер алдында болгондуктан, көмүр казып алуу кооптуу болуп калган. Буга байланыштуу жер астынан казып чыгуучу техника сатып алуу боюнча Кытай тарап менен сүйлөшүү мурда жүрүп, эми бышыкталды.

Ага кетүүчү каражат болжолдуу 25 миллион сомдун түзөт. Азырынча документтер толукталып, даяр болгон соң Кытай тарапка жөнөтүлөт.

Эгер техника келип ишке киришсе "Дөргө Көмүр" ишканасы Ак-Суу районун толук көмүр менен камсыз кыларын кошумчалады аким.

Жыргалаңда "Дөргө Көмүр" жана "Шахты Жыргалаң" эки ишканасы бар. Экөө тең жеке компания.

Акимдин билдиришинче "Шахты Жыргалаң" кенинде көмүр запасы 20 миллион тоннага жакын болсо, "Дөргө Көмүрдө" 4 миллион тонна кара алтын запасы бар.

Ушул жылы "Дөргө Көмүр" ишканасынын эки көмүр казуучусу карьер ичинде калып, куткаруучулар аларды тирүү алып чыккан. Ошондон бери ал жерде тазалоо иштери жүрүп жатат.(AsM)

XS
SM
MD
LG