Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Майрамдарга карата коопсуздук чаралары күчөтүлөт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Катар келүүчү Эгемендик майрамы менен Курман айт күндөрү Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Борбор калаада бул күндөрү 2200 милиция кызматкери коомдук тартипке көз салат. Эгемендик күнүн майрамдоодо борбордук Ала-Тоо аянтына адамдар тыкыр текшерүүдөн өткөрүлүп киргизилет.

Мындан тышкары майрамдарга байланыштуу шаардын борбордук көчөлөрүндө жол кыймылына да убактылуу чектөө салынат. Ага ылайык, Чүй проспекти, Киев көчөсү Тоголок Молдодон Тыныстанов көчөсүнө чейин жабылат. Ал эми Тоголок Молдо, Логвиненко көчөлөрү жана Эркиндик гүлбагы Чүйдөн Киев көчөсүнө чейин жабык болот.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ошондой эле ээсиз калтырылган буюм-тайымдар байкалган учурда токтоосуз милицияга билдирүүнү өтүнүүдө.

31-август Кыргызстандын эгемендик алган күнү. 1-сентябрь Билим күнү. Күн санагына жараша бул күнү Курман айт да белгиленет.

Август айында эле террордук уюмдарга байланышы бар деген шек менен Кыргызстанда он чакты киши кармалган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG