Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Сапар Исаков программасынын үч негизги багытын атады


Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция ушу тапта КСДП фракциясы премьер-министрликке сунуштаган Сапар Исаковдун маалыматын угууда.

Исаков эгер өкмөт башчы болуп шайланып калса "Элдик экономика бакубаттыгы", "Калктын социалдык бакубаттыгы" жана "Коопсуздук" деген үч негизги багытта иш алып барарын айтты.

Алар тогуз улуттук реформа жана тогуз улуттук өнүктүрүү программаларын камтыйт.

Өнүктүрүү программасы агро өнөржай жана кооперация, туруктуу туризм, өнөр жай, сак-саламаттуу калк, коопсуздук, атуулдук жана тил саясаты, экологиялык коопсуздук багыттары боюнча жүзөгө ашырылат.

Көпчүлүк коалицияга КСДП, "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары кирет. Калган үч фракция оппозициялык азчылыкты түзөт.

Буга чейинки премьер-министр Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер болуп кеткенине байланыштуу анын өкмөтү отставкага жөнөтүлгөн.

Сапар Исаковдун учурдагы кызматы - президенттик аппараттын башчысы. Ал парламентке "Жаңы доорго 40 кадам" деген программасын сунуштоодо.

Сунушталып жаткан жаңы өкмөт курамы көпчүлүк коалициядан кийин тешелүү комитеттерде каралып, жалпы жыйынга чыгарылат. (RK)

XS
SM
MD
LG