Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:49

Москвадагы ооруканада активист Иван Скрипниченко көз жумду. Ал саясатчы Борис Немцов өлтүрүлгөн жердеги мемориалдын жанында таяк жеп, мурду сынган. Бул тууралуу мемориалдагы күзөткө катышып жүргөн дагы бир активист Андрей Маргулев маалымдады.

Маркум 15-августта көпүрөдө турганда белгисиз бир киши келип аны менен сүйлөшүүгө аракеттенген. Скрипниченко аны карабай койгондо, мурдуна бир койгон. Күбөлөр ал киши "Путинди жаман көрөсүңбү?" деп кыйкырганын айтып беришти. Активист тез жардам клиникасына жеткирилип, догдурлар көргөндөн кийин үйүнө кайткан. Бир нече күндөн кийин мурдун түзөттүрүү үчүн кайрадан ооруканага жаткан, бирок 23-августта көз жумду. "Азырынча себептери белгисиз. Болжолу менен тромб үзүлүп кеткен", - деди Маргулев.

Кол салгандар табыла элек.

Оппозициялык саясатчы Немцовду 2015-жылдын февралында Москванын чок ортосундагы көпүрөдөн атып кетишкен. Ошол эле күнү ал жерде элдик мемориал түзүлүп, маал-маалы менен коммуналдык кызматтар же кремлчил активисттер тарабынан бузулуп келатат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG