Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Краснодардагы жол кырсыгы 12 жумушчунун өмүрүн алды

Орусиянын түштүгүндө жумушчуларды ташып бараткан автобус кырсыкка учурап, бери дегенде 12 киши каза тапты. Тергөө комитети окуя бүгүн эртең менен саат 8 чамасында болгонун маалымдады. Дагы бир нече киши жараат алды, бир тобунун абалы оор.

Интерфакс агенттиги болсо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Краснодар облусундагы өкүлчүлүгүндө иштеген атын атабаган кызматкерге шилтеме жасап, 14 киши каза тапканын, 24ү куткарылганын, алардын сегизи ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Министрлик автобус Таман жарым аралында иш алып барган "Таманнефтегаз" ишканасына таандык деп билдирди.

Ушул тапта Орусия Таман менен Москва аннексиялап алган Украинанын Крым жарым аралын туташтырган көпүрө куруп жатат.

 

XS
SM
MD
LG