Орусиянын түштүгүндө жумушчуларды ташып бараткан автобус деңизге кулап кеткенде, кеминде 17 киши набыт болду.
Федералдык Тергөө комитети окуя бүгүн эртең менен саат сегиз чамасында, Таман жарым аралында пирс куруп жаткан курулушчулар ишткен кайтып келатканда болгонун маалымдады.
Чукул кырдаалдар министрлигинин Краснодар облусундагы бөлүмү 17 киши каза тапканын, 24ү куткарылганын, алардын сегизи ооруканага жеткирилгенин кабарлады.
Жумушчулар Таман жарым аралындагы Керч кысыгында "Таманнефтегаз" ишканасы үчүн пирс куруп жатышкан. Кырсыктын себептери азырынча белгисиз.
Ушу тапта Орусия Москва аннексиялап алган Украинанын Крым жарым аралын Таман жарым аралы менен туташтырган көпүрө куруп жатат. Расий Киев бул аракетке нааразылыгын билдирген.