Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Samsung компаниясынын вице-президенти беш жылга кесилди


Түштүк Кореянын соту Samsung компаниясынын вице-президени Ли Чжэ Йонду беш жылга эркинен ажыратты. Ага коррупция, көз боёмочулук, каражаттарды жашыруу жана башка айыптар тагылды. Ли күнөөсүн моюнга алган жок, адвокаттары апелляциялык арыз беришерин айтышты. Прокуратура аны 12 жылга кесүүнү сураган. Смартфон чыгарган ири компаниянын жетекчиси февралда президент Пак Кын Хенин импичментине алып келген жаңжалга байланыштуу кармалган.

Ли президентке бизнесте калкалап турсун деп пара бергенин четке кагып, акчаны кайрымдуулукка бөлгөнүн айтып келди. Тергөөнүн версиясы боюнча экс-президенттин курбусу түштүк кореялык корпорацияларды, анын ичинде "Самсунгду" өз фонддоруна миллиондогон доллар берип турууну талап кылчу жана Пак Кын Хе ал жөнүндө билген.

XS
SM
MD
LG