Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:55

Кабулда шииттердин мечитине кол салуу болду


Кабулда куралчан адамдар шииттердин мечитине кол салышты. Полиция жана күбөлөр жардыруу менен автоматтардын добушу угулганын айтышууда. Бирок азырынча окуянын чоо-жайы кабарлана элек. Ооган ички иштер министри Нажиб Даниш мечитке “террордук чабуул” жасалганын, ал жерге атайын бөлүктөр жөнөтүлгөнүн билдирди.

Баш калаанын полиция бөлүмүнүн жетекчиси болсо жанкечти өзүн мечиттин ичинде жардырып жибергенин маалымдады.

Ал эми айрым күбөлөр куралчан кишилер мечитке кирээрде граната ыргытышканын айтып беришти.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Ооганстандагы шиит азчылыгы буга чейин "Ислам мамлекети" радикал уюму жана Талибан өңдүү суннит топтордун бутасы болуп келген.

1-августта эле Герат шаарында шииттердин мечитине чабуулдан кеминде 32 киши өлгөн, 60тан көбү жарадар болгон. Ал жолу "Ислам мамлекети" террордук уюму кол салууну уюштурганын айткан.

XS
SM
MD
LG