Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Papa John’s Кыргызстанда пиццерияларын ачат


Papa John’s ресторанынын Москвадагы бөлүмү
Papa John’s ресторанынын Москвадагы бөлүмү

Papa John’s деген ресторан-пиццерия түйүнү Казакстан менен Кыргызстанда иштей баштайт.

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан эл аралык компания тиешелүү келишимдерге кол коюлганын кабарлады.

Маалыматка караганда, Казакстанда беш жыл ичинде 16 ресторан ачылмакчы. Алгачкысы жакын арада Алматыда иштей баштайт.

Кыргызстанда болсо үч жылдын ичинде алты тамактануучу жайды ачуу каралууда жана биринчиси Бишкекте ушул жылдын аягына чейин пайда болушу мүмкүн. Компания постсоветтик аймакта Орусия, Беларус жана Азербайжанда иш алып барууда.

XS
SM
MD
LG