Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:19

Орусиянын Тергөө комитети активист Скрипниченконун өлүмүн териштирүүдө


Маркум Иван Скрипниченко
Маркум Иван Скрипниченко

Орусиянын Тергөө комитети активист Иван Скрипниченконун өлүмүнүн чоо-жайын териштирүүдө.

Ал саясатчы Борис Немцов өлтүрүлгөн жердеги мемориалдын жанында күзөттө турганда таяк жеп, мурду сынган. Тергөө комитетинин өкүлү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөрүн, өлүмгө маркумдун жүрөк дарты себеп болушу мүмкүн деп билдирди. Скрипниченконун каза тапканы тууралуу 24-августта белгилүү болгон.

15-августта көпүрөдө мемориалды кайтарып турган кезде аны белгисиз киши бетке урган. Активист тез жардам клиникасына жеткирилип, догдурлар мурду сынган деген диагноз койгондон кийин үйүнө кайткан. Бир нече убакыттан соң ал алган жарааттын кесепеттерин жоюу үчүн ооруканага кайрылган, 23-августта кайтыш болгон.

Активистке кол салган киши азырынча табыла элек.

Оппозициялык саясатчы Немцовду 2015-жылдын февралында Москванын чок ортосундагы көпүрөдөн атып кетишкен. Ошол эле күнү ал жерде элдик мемориал түзүлүп, ал маал-маалы менен коммуналдык кызматтар же кремлчил активисттер тарабынан бузулуп келет.

XS
SM
MD
LG