Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Молдованын Орусиядагы элчиси ТИМге чакыртылды


Молдова президенти Игорь Додон
Молдова президенти Игорь Додон

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Молдованын Москвадагы элчиси Андрей Негуцаны чакырды. Буга Кишиневдун Приднестровьеден орус аскерлерин чыгаруу демилгеси себеп болгон.

Орус Тышкы иштер министрлигинин сайтында аскерлерди аталган аймактан чыгаруу Орусия жана Молдова кызматташтыгына, Приднестровьедеги кырдаалды турукташтырууга тескери таасирин тийгизет деп жазылган.

Мындан мурда Молдова орусиялык аскерлерди Приднестровьеден чыгарууну БУУнун Башкы Ассамблеясынын алдыдагы жыйынынын күн тартибине киргизүүнү өтүнгөн. Молдова тарап орус күчтөрүнүн аймакта болушу тынчтык менен коопсуздукка коркунуч туудурат деп эсептейт. Орусия мындай сунушту четке какты.

Быйыл июлда Молдова парламенти Приднестровьеден орусиялык жоокерлерди чыгаруу жөнүндө билдирүү кабыл алган. Өлкөнүн Орусияны жактаган президенти Игорь Додон депутаттардын чечимин "чагым" деп атаган.

Орус тилдүү калк басымдуулук кылган Приднестровье 1990-жылы Молдовадан бөлүнүп, өзүн көз карандысыз деп жарыялаган. Эл аралык коомчулук аны Молдованын бир бөлүгү катары санайт. Орусия аталган аймакка аскерлерин киргизүүнү "тынчтык орнотуу" аракети деп түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG