Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:53

Көк бөрү: Астанада дүйнөлүк чемпиондуктун жеңүүчүсү бүгүн аныкталат


Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү. 24.08.2017
Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү. 24.08.2017

27-август (жекшемби) күнү Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпиондугу аяктамакчы. Жыйынтыктоочу таймаштардын алгачкы күч сынашында Кыргызстан менен Казакстандын курама командалары беттешет.

Оюндар саат 17:00дө башталат. (Астана жана Бишкек убакыты бирдей).

Ага чейин, 16:00дө үчүнчү орун үчүн Тажикстан менен Кытай ойнойт. Мелдештин байге фонду 18 миллион теңге (3 млн 657 миң сом).

1-орун үчүн 10 млн теңге (2 млн 32 миң сом), 2-орунга 5 млн теңге (1 млн 16 миң сом), 3-орунга 3 млн теңге (609 миң сом) ыйгарылат.

25-августта (жума күнү) көкпар боюнча дүйнө чемпиондугунда тайпалык тандоо оюндарынын акыркы 5-турундагы таймаштар аяктаган.

Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү АКШ командасы менен ойноп, 11:6 эсебинде жеңишке жеткен. Тажик курамасы монголдорду 10:9 эсебинде уткан.

Жума күнү Өзбекстан – Түркия 14:3 эсебинде, Кытай – Ооганстан 4:2 эсебинде, Орусия – Азербайжан 3:0 эсебинде, Казакстан – Венгрия (Мажарстан) курамалары болсо, 12:3 эсебинде таймаштарын аякташкан.

Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курамасы. Бишкек. 14.8.17.
Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курамасы. Бишкек. 14.8.17.

Жалпысынан, Кыргызстандын курама командасы тайпалык оюндарда беш жолу жеңишти камсыздап, турнирдик таблицада А тобунда көч башы ордун ишенимдүү ээлеп турат.

(Ага чейин Кыргызстандын оюнчулары Монголияны 4:0, Өзбекстанды 11:2, Түркияны 13:3, Тажикстанды 15:2 эсебинде жеңип алган болчу).

Финалдык беттештин жүрүшүн түз эфирде КТРК жана КТРК Спорт телеканалдары Full HD форматта түз алып көрсөтөөрү күтүлүүдө.

Көкпар (көк бөрү) боюнча Биринчи дүйнөлүк чемпиондук Астана шаарындагы Эл аралык "Экспо-2017" көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулууда.

XS
SM
MD
LG