Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Жыргалбек Саматов: Дүйнө чемпиондугуна катышкан көк бөрүчүлөрүбүздүн маанайы жакшы

Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курамасы. 14-август, 2017-ж. Бишкек.
Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курамасы. 14-август, 2017-ж. Бишкек.

“Азаттыктын” кабарчысы Эмилбек Чекиров 22-августта Көк бөрү федерациянын вице-президенти Жыргалбек Саматов менен маек куруп, Астанадагы мелдештердин жүрүшү тууралуу суроолорго жооп алды.

Ушул күндөрү Казакстандын Астана шаарында ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Мелдешке 11 топ (команда) катышууда.

Кыргызстан А тобунда Өзбекстан, Монголия, АКШ, Тажикстан жана Түркия командалары менен ойнойт. Чемпионаттын алгачкы үч күнүндө Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү Монголия, Өзбекстан жана Түркиянын командаларын жеңип алды.

“Азаттык”: Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү Монголия командасы менен така маселесинен кийин ойноп 4:0 эсебинде жеңди. Өзбекстандыктарды 11:2 эсебинде, Түркияны 13:3 эсебинде жеңди. Оюнчулар жаракат алган жокпу?

Жыргалбек Саматов.
Жыргалбек Саматов.

Саматов: Жок, кудайга шүгүр. Олуттуу жаракат алышкан жок. Оюн деген оюн да. Бир-эки балабыз жыгылды. Кайра туруп атка минип оюндарын улантып кетишти. Негизинен жаракат алышкан жок. Кудайга шүгүр.

“Азаттык”: Монголия менен болгон оюнда бир-эки көрүнүш болду. Мисалы, монголиялык спортчулардын бири кыргыз тараптын атын жөөлөгөндө, бир оюнчу аттан кулап түштү. Оюнда Монголия командасы эсеп ачпаса дагы курч мүнөздө, орой ойногондой түр калтырды. Социалдык тармактарда монгол командасы үчүн казакстандык улакчылар ат салышты деген кептер тарап жатат. Бул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

Саматов: Ооба, алар Казакстандын эле биз таанып жүргөн жигиттери. Монголиянын жарандыгын алып алышкан экен. Негизи, чемпионат болуп жаткандан кийин билесиздер да, спортчу кайсы өлкөнүн жараны болсо, ошол өлкөнүн гана намысын коргойт. Булар кандайча тез аранын ичинде жарандык алып алышты, аны билбейбиз. Алар биз тааныган, көрүп жүргөн эле балдар. “Эмне болдуңар монгол болуп?”,- десек: “Биз ал жакка көчүп кеткенбиз”, - дейт. “Аа, жакшы”, - деп койдук.

Көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты. 1-тур. Кыргызстан - Монголия 4:0. 21-август, 2017-ж. (Оюндун толук чыгарылышы)

“Азаттык”: Чемпионаттын алгачкы мелдеш күнүндө така маселеси талаш жаратпадыбы. Монголия менен боло турган оюндун алдында Кыргызстандын курама командасынын аттарынын арткы туягындагы такаларды чечүү талабы коюлуп, талап аткарылбагандан кийин 0:7 эсебинде техникалык утулуш жазылды. Бул эсепти жокко чыгарып кайра ойноткула, болбосо такыр эле мелдешке катышпай үйгө кайтабыз деп кыргыз тарап талап койгонун уктук. Ал маселе дипломаттардын кийлигишүүсү менен, өзүңүздөрдүн дагы сүйлөшүүңөр менен чечилип, аттардын арткы туяктарындагы такаларды чечпей, кайрадан Монголия командасы менен ойногонго уруксат берилди. Башка командалар кандай ойноду? Негизи эле жалпы чемпионаттын жүрүшүндө аттардын такасы жок ойногон командалар болдубу?

Саматов: Чемпионатка 12 мамлекеттен команда чакырылып, алардын 11и келип катышып жатат. Ошончо мамлекеттен оюнчулар келгени менен алар өздөрү менен кошо аттарын алып келген эмес. Бүт бардыгы казактардын аттарын миништи. Бир гана Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү өздөрүнө таандык аттар менен мелдешке барышты. Ар бир команда өздөрүнүн аттарын алып барганда маселе башкача болуп, ал башкача өңүттө каралат эле.

“Азаттык”: Башка командалар такасы жок ойногонун байкай алдыңызбы?

Саматов: Алардын бардыгын барып текшерип көргөн жокпуз. Эл аралык тажрыйбада ат оюндарында спорттук такалар менен оюнга чыгууга уруксат берилген.

“Азаттык”: Курама топто маанай кандай?

Саматов: Иним, кудайга шүгүр. Команданын маанайы зор. Бардыгы өтө жакшы маанайда жүрүшөт. Балдарыбыздын, аттарыбыздын дагы акыбалы жакшы.

“Азаттык”: Көпчүлүк көк бөрү адистери, ошондой эле коомчулукта дагы такага байланышкан маселе Кыргызстандын командасын финалга чыгарбоо аракети болуп жатат деп айткандар да бар. Ушундай тоскоолдуктар болуп жатабы?

Саматов: Эми өзүңүздөр так, таамай көрдүңүздөр да. Ал көрүнүп эле турбайбы. Кыргызстандын командасын эптеп жеңип же болбосо башка бир нерсе кылыш үчүн Монголиянын жарандыгын алып берип коюп жатышпайбы. Миң жашыралы десе деле, ал нерсе бир эле мага эмес, башкаларга деле байкалып, көрүнүп турат да.

“Азаттык”: Көпчүлүк күйөрмандар финалдык таймашты чыдамсыздык менен күтүп жатат. Өзүңөр бул чемпионаттан эмнени күтүп жатасыңар?

Саматов: Ал нерсени билбейм. Бир кудай билет. Бирок эптеп бир нерсе кылып утуш керек болуп жатканы билинип эле турат. Негизи спорт деген спорт. Күчтүүсү утат. Алдыда кандай сюрприздер күтүп жатканын билбейбиз.

“Азаттык”: Кыргызстандан 13 оюнчу улуттук курама команданын катарында Астанага жөнөп кетишкен. Беттештерде кокустан жаракат алып калгандар болсо, командага оюнчулар жетишпей калган учурлар болбойбу?

Саматов: Эреже боюнча 12 гана оюнчу жана 12 ат мелдешке катышат. Ал жерде бир нерсе болсо командага кошумча оюнчу же ат кошуу каралган эмес. Кудай сактасын. Эгер жаракат алып же дагы башка нерсе болсо командага өзгөртүү киргизилбейт.

Көк бөрү боюнча дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземи. 21-август, 2017-ж.
Көк бөрү боюнча дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземи. 21-август, 2017-ж.

“Азаттык”: Көк бөрүнүн казакча түрү – көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпионаты жаңы эрежелер менен өтүүдө. Көкпарда көк бөрүдөн негизги айырмачылык улак тайказанга эмес, диаметри үч метрди түзгөн тегерек чийиндин ортосуна салынып, оюнчулар улактын ордуна атайын жасалган кепти (муляж) тартып жатышат. Оюн үч тайм эмес, 20 мүнөттөн эки таймга гана созулат экен. Биздин оюнчулар жаңы эрежелерге көнүштүбү, оюнда өздөрүн кандай сезип жатышат?

Саматов: Бардыгына көнүп алдык. Биз деген кыргыз улутунун (кыргыз элинин же Кыргызстандын) мекенчил, ата-бабалардын оюндарын ойноп келе жаткан уулдарбыз. Биздин балдар ал эрежелерди жакшы өздөштүрүп, мыкты оюн көрсөтүп жатышат. Жыйнытыгын өзүңөр көрүп жатасыңар.

“Азаттык”: Мындан төрт жыл мурда дал ушул Астана шаарында көк бөрү боюнча алгачкы Азия чемпионаты өтүп, финалда Кыргызстан менен Казакстандын командалары ойношкон. Жалпы оюндар көк бөрү эрежеси боюнча өтүп, улактар тайказанга ташталган эле. Азыркы чемпионаттын жаңы аталышта жана жаңы эреже менен өтүп жатканына өзүңүз кандай көз караштасыз?

Саматов: Жаңы эрежелер менен өтүп жаткан алгачкы дүйнө чемпионатына чакырылган өлкөлөрдүн катарында болгондуктан келдик. Жакын кошуна, боордош эл катары жетекчиликке чакыруу жөнөтүштү. Чакырууну кабыл алып, бизди жөнөтүшкөндүктөн келип ойноп жатабыз.

Астанадагы көк бөрү чемпиондугу: Сүрөт баян

Оюндардын ачылышы Астана филорманиясынын артисттери ойногон казак күүлөрү менен башталды.  
1/15 Оюндардын ачылышы Астана филорманиясынын артисттери ойногон казак күүлөрү менен башталды.  
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
Мелдештердин алдында көрүүчүлөргө улуттук "Асык атуу" (ордо) оюну тартууланды. 
2/15 Мелдештердин алдында көрүүчүлөргө улуттук "Асык атуу" (ордо) оюну тартууланды. 
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
Ошондой эле тамашалуу "Кыз куумай" оюну да болду. 
3/15 Ошондой эле тамашалуу "Кыз куумай" оюну да болду. 
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
Көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпиондугуна күйөрмандар оюндарды көрүүгө өз улуттук кийимдери менен келишти. 
4/15 Көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпиондугуна күйөрмандар оюндарды көрүүгө өз улуттук кийимдери менен келишти. 
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
Эр оодарыш оюнуна түшкөн казак жигиттери. 
5/15 Эр оодарыш оюнуна түшкөн казак жигиттери. 
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
Көк бөрү боюнча дүйнө чемпиондугуна Ооганстан, Кытай, Монголия, Венгрия, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, АКШ жана Казакстандын командалары катышууда. Кыргызстан "А" тобунда Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан жана Монголия командалары менен мөөрөй талашууда. 
6/15 Көк бөрү боюнча дүйнө чемпиондугуна Ооганстан, Кытай, Монголия, Венгрия, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, АКШ жана Казакстандын командалары катышууда. Кыргызстан "А" тобунда Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан жана Монголия командалары менен мөөрөй талашууда. 
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
Кытай командасы толугу менен этникалык казактардан түзүлгөн. Алар биринчи оюнун Азербайжан командасы менен ойномок. Бирок Азербайжандын командасы келбей калгандыктан алар дароо кийинки айлампага өтүштү. 
7/15 Кытай командасы толугу менен этникалык казактардан түзүлгөн. Алар биринчи оюнун Азербайжан командасы менен ойномок. Бирок Азербайжандын командасы келбей калгандыктан алар дароо кийинки айлампага өтүштү. 
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
Командаларды тааныштыруу учуру. 
8/15 Командаларды тааныштыруу учуру. 
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
Көкпар федерациясынын желегин көтөрүү ышкырык-сүрөөн менен коштолду.&nbsp;<br />
&nbsp;
9/15 Көкпар федерациясынын желегин көтөрүү ышкырык-сүрөөн менен коштолду. 
 
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
Көк бөрү чемпионатына келген командалар.
10/15 Көк бөрү чемпионатына келген командалар.
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
АКШнын Казакстандагы элчиси Жордж Крол куттуктоо сөзүн казакча окуду.
11/15 АКШнын Казакстандагы элчиси Жордж Крол куттуктоо сөзүн казакча окуду.
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
АКШ командасынын мүчөсү&nbsp;Денни Лэй даярдыктар учурунда бутун кокустатып алып, улак тартышка катышпай калды. Ал колуна&nbsp;Вайоминг штатынын байрагын алып, сүрөп жаткан учуру. АКШнын улакчыларынын көбү Вайоминг штатынан болушат.&nbsp;
12/15 АКШ командасынын мүчөсү Денни Лэй даярдыктар учурунда бутун кокустатып алып, улак тартышка катышпай калды. Ал колуна Вайоминг штатынын байрагын алып, сүрөп жаткан учуру. АКШнын улакчыларынын көбү Вайоминг штатынан болушат. 
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
Кыргызстан менен Монголия командарынын оюнунан бир көрүнүш.
13/15 Кыргызстан менен Монголия командарынын оюнунан бир көрүнүш.
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
Кыргыз күйөмандары өз командасы улак таштап, эсепти ачканын сүрөп жатышкан кези. Жыйынтыгында кыргыз командасы Монголиянын улакчыларын 4:0 эсебинде утту.&nbsp;​Оюндар казактардын көкпар эрежеси боюнча өтүп жатат. Көк бөрүдөн негизги айырмачылык улак тайказанга эмес, диаметри үч метрди түзгөн тегерек чийиндин ортосуна салынат. Оюнчулар улактын ордуна атайын жасалган кепти (муляж) тартышат. Командалардын беттеши 20 мүнөттөн эки таймга созулат.&nbsp;<br />
<br />
<br />
&nbsp;
14/15 Кыргыз күйөмандары өз командасы улак таштап, эсепти ачканын сүрөп жатышкан кези. Жыйынтыгында кыргыз командасы Монголиянын улакчыларын 4:0 эсебинде утту. ​Оюндар казактардын көкпар эрежеси боюнча өтүп жатат. Көк бөрүдөн негизги айырмачылык улак тайказанга эмес, диаметри үч метрди түзгөн тегерек чийиндин ортосуна салынат. Оюнчулар улактын ордуна атайын жасалган кепти (муляж) тартышат. Командалардын беттеши 20 мүнөттөн эки таймга созулат. 


 
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
Көк бөрү оюн талаасында гана эмес, күйөрмандар ортосунда да кызуу талаш-тартыштар менен коштолду.&nbsp;Ипподромдун дикторлору эгер алар тынчтанбаса, оюнду токтотуп коюуга чейин барарын эскертип жатты.&nbsp;
15/15 Көк бөрү оюн талаасында гана эмес, күйөрмандар ортосунда да кызуу талаш-тартыштар менен коштолду. Ипподромдун дикторлору эгер алар тынчтанбаса, оюнду токтотуп коюуга чейин барарын эскертип жатты. 
Казакстандын борбору Астана шаарындагы көк бөрү (көкпар) боюнча дүйнө чемпиондугуна арналган сүрөт баян. 22.8.2017.
Артка
Алдыга

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Куржундар
XS
SM
MD
LG