Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:34

Көк бөрү: такадан чыккан талаш


Иллюстрация
Иллюстрация

ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугу талаш менен коштолду.

Көк бөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы аз жерден Астанадагы дүйнө биринчилигинен четтеп кала жаздады. Казак тарап такаланган аттар эрежеге туура келбесин жүйө кармап, кыргыз улакчыларын такасыз аттар менен оюнга чыгууну талап кылышкан. Буга каршы болгон кыргыз улакчылары Монголия менен беттешке чыкпай, жеңиш каршы тарапка ыйгарылган.

Талаш ырбап баратканда Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги ортого түшүп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз улакчылары монголдор менен беттеше турган болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айымкан Кулукеева “Азаттыкка” билдирди.

- Дипломаттардын түздөн-түз кийлигишүүсү менен эки тараптуу жолугушуу уюштурулган. Сүйлөшүүлөрдөн соң оюнга кайрадан катышуу чечими кабыл алынды. Сүйлөшүүгө казак тараптан уюштуруучулар, кыргыз тараптан Спорт агенттиги, Көк бөрү федерациясы жана элчиликтин өкүлдөрү катышты. Кыргыз улакчылары аттарын жүктөп жаткан жеринен артка кайтышты.

Сүйлөшүүдө уюштуруучулар Кыргызстандын курамасына такалуу аттар менен ойноосуна макул болгон.

Көк бөрү боюнча улуттук команда, 14-август, 2017-жыл
Көк бөрү боюнча улуттук команда, 14-август, 2017-жыл

Така талашынан улам эртең мененки 9га белгиленген беттеш кечки 6га жылганын Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов да тастыктады. Анын айтымында, көк бөрү боюнча эл аралык беттештерде такага тыюу салынган эмес.

- Биздин аттар спорттук кыска такалар менен такаланган. Бул такага дүйнөлүк оюндардын баарында уруксат берилген. Дүйнөлүк стандарт боюнча да ушундай. Казак тарап эмне үчүн такага каршы чыкканы белгисиз. Бирок маселе чечилди. Биздин курама Монголия менен кайрадан беттешет.

Белгиленген оюн 20 мүнөттөн эки таймга созулуп, 4:0 эсебинде Кыргызстандын оюнчулары монголиялык атаандаштарын жеңип алды. Оюндагы голдорду Кубаныч Султан уулу, Аскат Батырбек уулу (2) жана Урмат Раушан уулу киргизди. 22-августта Кыргызстан менен Өзбекстандын улакчылары беттешет.

Астанадагы така талашы интернет айдыңында кызуу талкууларга жем таштады. Көк бөрү күйөрмандарынын айрымдары "оюндун эрежесин алдын ала тактап, анан барса болмок" деп Кыргызстандын спорт жетекчилигин айыптоодо. Алардын бири Мурат Жетимишбаев мындай дейт.

- Калган делегациялардын баары такасыз келсе, демек бизге толук маалымат жеткен эмес. Бул Көк бөрү федерациясынын түздөн-түз күнөөсү. Оюнчуларда күнөө жок. Анан ошол жерге барып алып жериңер мындай экен, андай экен деген туура эмес. Биздикилер кандай гана шартта болбосун ойной бериши керек болчу. Эрендердин оюнунда шарт койгон деле туура эмес. Андай болсо федерация шарттарды алдын ала такташы керек эле.

Көк бөрү оюну
Көк бөрү оюну

Анткен менен Көк бөрү федерациясы мындай дооматтарды четке кагууда. Көк бөрү боюнча өлкөнүн эмгек сиңирген машыктыруучусу Мурат Азарматов казак тарап таканы шылтоолоп, кыргыз улакчыларынын жеңишине бут тоскусу келген деген ойдо.

- Бул жөн эле шылтоо. Казактар кыргыз командасынын упайын азайткысы келген. Болбосо спорттук такаларга эч жерде тыюу салынган эмес. Монголдордун аттары эле такаланбаса башка өлкөлөрдө така менен чыгышат. Казактар оюнда Кыргызстан жеңип кетет деген ой менен таканы шылтоолоп, бут тоскусу келген.

Буга чейин улуттук курама команданын мүчөсү, алдыңкы оюнчулардын бири Манас Ниязовдун Астанага барбай калышы да коомчулукта нааразылык жараткан. Көк бөрү федерациясынан “Азаттыкка” белгилүү болгондой Ниязовду улуттук курамдан чыгарууну казак тарап талап кылган. Буга Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Ниязов казак оюнчусун ат менен катуу жөөлөткөнү себеп болгон. Өч алуу максатында чыр чыкпасын деген команда жетекчилиги оюнчуну командадан чыгарууга аргасыз болгон.

ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугу 28-августка чейин уланат. Ага 12 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан катышып, эки тайпага бөлүнүп ойношот. Кыргызстан «А» тайпасында Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан жана Монголия менен мөрөй талашат.

Оюндар казактардын көкпар эрежеси боюнча өтүп, 20 мүнөттөн эки таймга созулат. Көк бөрүдөн негизги айырмачылык улак тайказанга эмес, диаметри үч метрди түзгөн тегерек чийиндин ортосуна салынат. Оюнчулар улактын ордуна атайын жасалган кепти (муляж) тартышат.

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясын президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрам Илмиянов жетектейт. Улуттук кураманы Астанага өзү узаткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG