Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Беларуста оппозициячы Николай Статкевич беш күнгө камалды


Николай Статкевич Минскидеги митингде сүйлөп жатат. 4-октябрь, 2015-жыл.
Николай Статкевич Минскидеги митингде сүйлөп жатат. 4-октябрь, 2015-жыл.

Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Николай Статкевич беш күнгө камалганын анын аялы Марина Адамович "Азаттык" радиосуна билдирди.

Маалыматка караганда, августтун башында сот Статкевичти он беш күнгө камоо тууралуу чечим чыгарган. Мындан улам анын канча убакыт камакта болору азырынча белгисиз экени айтылууда.

Статкевич 3-июнда Минск шаарынын борборунда уруксат берилбеген акцияга катышканы үчүн айыпталган. Ал кезде Беларус көз карандысыздык күнүндө эки жүзгө жакын адам Орусия менен биргеликте уюштурулган "Батыш - 2017" машыгууларына каршы жөө жүрүшкө чыгышкан. Оппозициячы тарапкерлерин сентябрдын башында дагы акцияга чыгууга чакырган.

Николай Статкевич 2010-жылы Беларуста президенттикке талапкер болгон. Шайлоодон кийин ал президент Александр Лукашенкону добуш берүү жыйынтыгын бурмалады деп күнөөлөп, камакка алынган, беш жыл абакта отуруп чыккан. 2015-жылы түрмөдөн чыгып, саясий күрөштү уланта берерин билдирген.

XS
SM
MD
LG