Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

АКШда өзбекстандык жаранды атып кетишти


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Өзбекстандык 40 жаштагы жаран Данияр Абдумажитов Теннеси штатынын Нэшвилл шаарында башынан жаракат алды. Милициянын маалыматына караганда, ал жарым жыл мурун үй-бүлөсү менен бирге грин-карта аркылуу АКШга келген. Азыр ооруканада оор абалда жатат.

Полиция окуянын чоо-жайын иликтөөдө. Кол салууга эмне себеп болгону белгисиз. "Азаттыктын" өзбек кызматы Данияр Абдумажитов Нэшвилл шаарынын Эллистон районундагы New York Pizza пицериясында пицца таратуучу болуп иштегенин жазды.

New Chanel 5 телеканалы маалымдагандай, кол салуу Абдумажитов буюртма боюнча Татавиа көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине пицца алып келген маалда болгон. Үй ээлери полицияга пицца буюртма бербегенин айтышкан.

АКШда жашаган өзбекстандыктар gofundme.com сайтында Абдумажитовго жардам берүү үчүн акча топтолуп жатканын жазышты. Америкада жашаган өзбек укук коргоочусу Сухроб Исмаилов 40 миң долларга жакын акча топтолгонун кабарлады:

- Данияр үй-бүлөсүн жалгыз бакчу. Анын төрт баласы бар, - деди Исмаилов.

New York Pizza пицериясынын ээси полицияга пицца таратуучуларга куралдуу кол салуу учурлары буга чейин орун алганын билдирген.

2014-жылдын ноябрында Чикагодо пицца ташып иштеген кыргызстандык мигрант Абылбек Ызабеков тоноочулар аткан октон оор жараат алып, ооруканада каза тапкан.

XS
SM
MD
LG