Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Тиллерсон: Пхеньяндын ракеталык сыноолору АКШга каршы жасалган чагым


АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Түндүк Кореянын соңку жума ичинде жүргүзгөн ракеталык сыноолорун АКШга карата жасалган чагым деп атап, расмий Вашингтон маселени тынчтык жолу менен чечүүнү карап жатканын айтты.

- Бул нерсени биз Кошмо Штаттарга жана биздин ынтымакташтарга каршы жасалган чагымчыл аракет деп эсептейбиз. Биз тынчтык жолу менен Пхеньянга басым жасап, союздаштар жана Кытай менен кызматташуу аркылуу Түндүк Кореяны сүйлөшүүгө келтирүүгө аракет кылабыз, - деди Тиллерсон Fox News телеканалына 27-августта курган маегинде.

Түндүк Корея 26-августта жакынкы радиустагы үч ракетасын учуруп, алар Жапан деңизине түшкөн.

Сеул ракеталар болжол менен 250 чакырым аралыкка учканын маалымдады.

Эки апта мурда Вашингтон менен Пхеньяндын ортосунда чыңалуу күчөп, Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп "Түндүк Корея көргүлүктүк көрөрүн" эскертсе, Пхеньян Американын аскерий базалары жайгашкан Гуам аралына сокку уруу ыктымалдыгын боолголоп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG