Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

АКШда башына ок тийген өзбекстандык жаран каза тапты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

АКШда белгисиз кишилер аткан октон жаракат алган өзбекстандык жаран Данияр Абдумажитов ооруканада каза тапты. Мындай маалымат gofundme.com сайтында жарыяланды.

Буга чейин АКШда жашаган өзбекстандыктар аталган сайт аркылуу Абдумажитовго жардам берүү үчүн акча топтолуп жатканын жазышкан.

Өзбекстандык 40 жаштагы жаран 25-августта Теннеси штатынын Нэшвилл шаарында башынан жаракат алган.

Полиция ал жарым жыл мурун үй-бүлөсү менен бирге грин-карта аркылуу АКШга келгенин билдирген. Кол салууга эмне себеп болгону белгисиз. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

"Азаттыктын" өзбек кызматы төрт балалуу Данияр Абдумажитов Нэшвилл шаарында пицца таратуучу болуп иштегенин кабарлады.

New Chanel 5 телеканалы кол салуу Абдумажитов буюртма боюнча Татавиа көчөсүндөгү үйлөрдүн бирине пицца алып келген маалда болгонун маалымдады.

АКШда чет элдик пицца таратуучуларга кол салуу учурлары буга чейин да орун алган.

2014-жылдын ноябрында Чикагодо пицца ташып иштеген кыргызстандык мигрант Абылбек Ызабеков тоноочулар аткан октон оор жараат алып, ооруканада каза тапкан.

XS
SM
MD
LG