Пакистан полициясы 27-августта Карачи шаарындагы антиамерикалык демонстрацияны таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана союл колдонду. Карачиде шииттер тобу АКШнын консулдугуна барууга аракет жасап, аларды токтотуу аракетин көргөн бир полициячы жаракат алгандан кийин укук коргоо органдары күч колдонгону айтылууда. Ал тапта Пакистан Тышкы иштер министрлиги АКШнын жогорку даражадагы делегациясынын визасын жокко чыгарганын жарыялады.
Вашингтондун Пакистан менен Ооганстандагы атайын өкүлү Элис Уэллс 28-августта пакистандык расмий өкүлдөр менен жолугушуу үчүн Исламабадга келмек.
Делегация сапарын четке кагуунун себептери жарыяланган жок, бирок бул АКШ президенти Дональд Трамптын "Пакистан ооган талиптерине баш паанек берүүнү токтотушу керек" деген талабы менен байланыштуу болушу мүмкүн. Исламабад талиптерди коргоп жатат деп айтылгандар менен макул эместигин билдирип келет.
27-августта Исламабадда АКШнын саясатын айыптаган “Пакистанды коргоо” деп аталган демонстрация өткөн.
Трамп Ооганстан менен Түштүк Азия боюнча жаңы стратегиясын жарыялап жатып, «Исламабад экстремисттик топторду колдоп жатат, Вашингтон мындай аракеттерге эми чыдабайт» деп айткан болчу.