Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:49

Туркуда элге кол салган адамдын ысымы аныкталды


Финляндия полициясы Турку шаарында элге бычак менен кол салып, эки аялды өлтүргөн марокколуктун чыныгы атын аныктады. Маалыматтарга караганда, ал 2016-жылы Финляндияга башка ат менен кирген. Полиция шектүүнүн чыныгы ысымын жана жаш курагын айткан жок.

Буга чейин кол салууга 1994-жылы туулган марокколук Абдеррахман Мечко шектелип жаткан.

Турку шаарында 18-августтагы окуяда эки адам өлүп, сегизи жаракат алган. Шаардын борбордук аянтына жакын жердеги окуя Финляндиядагы алгачкы террордук чабуул катары иликтөөгө алынган.

Камакка алынган шектүү кол салуу үчүн жоопкерчиликти моюнуна алган, бирок терррордук чабуул эместигин билдирген. Ал Финляндияга 2016-жылы келип, Туркуда качкындар лагеринде жашап жатканы, окуяга чейин өлкө бийлиги ага баш паанек берүүдөн баш тартканы ачыкка чыкты.

XS
SM
MD
LG