Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:25

Жапаровдун тарапкерлерине 5-8 жылдык камак мөөнөтү суралды


Жапаровдун тарапкерлери, 25-март, 2017-жыл.
Жапаровдун тарапкерлери, 25-март, 2017-жыл.

Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун туугандарына жана тарапкерлерине мамлекеттик айыптоо беш жылдан сегиз жылга чейин камак мөөнөтүн сурады.

Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда тараптардын жарыш сөзү башталды. Алардын адвокаты Шарабидин Токтосунов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, прокурор айыпталып жаткан 12 кишинин он биринбеш жылга, бир кишиге сегиз жылга кесүүнү сураган. Адвокаты аларды актоону суранды. Кийинки отурум 4-сентябрда өтөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, УКМКга алынып келинген. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын он экиси камакка алынган. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар. Аларга Кылмыш кодексинин 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү),​ 234 (бейбаштык) жана 174 (башка мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) беренелери боюнча айып тагылган.

Биринчи Май райондук соту 2-августта Садыр Жапаровду Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча толук актап, 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аны 11,6 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Жапаров сот чечимин бийликтин буйругу деп баалаган, адвокаты Бишкек шаардык сотуна кайрылган​.

Жапаров Кумтөрдү улутташтыруу талабы менен 2013-жылкы нааразылыктар учурунда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга тиешеси бар деп айыпталган. (SE)

XS
SM
MD
LG