Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:14

Атамбаев Өзгөндөгү көчкүдө жабыркагандарга 200 миң сом берди


Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзгөн районунда көчкүдөн жабыркагандар менен жолугушуусу. 28-август, 2017-жыл
Президент Алмазбек Атамбаевдин Өзгөн районунда көчкүдөн жабыркагандар менен жолугушуусу. 28-август, 2017-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркагандарга 200 миң сом бир жолку жардам берди. Бул каражат 1-сентябрда белгиленчү Курман айтка жардам иретинде берилгенин президенттик аппараттын басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди. 

Мамлекет башчы бүгүн Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында жер көчкүдөн жабыркаган адамдар менен кезикти. Жолугушуу кырсык болгон аймактагылар жайгаштырылган Ынтымак жаңы конушунда болду.

Быйыл 29-апрелде Өзгөндүн Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жер көчүп, жети үйдү басып калган. Андан 24 адам набыт болгон. Кийинчерээк айыл тургундарына үй куруу үчүн коопсуз аймактан жер берилген. Курулуш иштери уланууда. Жаңы конуштун жолуна, электр линияларын өткөрүүгө, сугат жана ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн 600 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөнү расмий кабарланган. Жабыркагандарга президенттик аппараттан, өкмөттөн жана жарандык коом топтогон каражаттан да акчалай жардамдар берилген.

Атамбаевдин иш сапары андан ары Чоң-Алайда уланат. 

3-5-майда болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга кептелген. 700дөн ашуун адам чатырларга көчүрүлгөн. (SE)

 

XS
SM
MD
LG