Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 02:37

Европа жана Африка лидерлери миграция кризисин талкуулайт


Африкалык мигранттар Жер ортолук деңизи аркылуу Европага мына ушундай кайыктар менен жөнөшөт. 2016-жылы тартылган сүрөт.

Парижде бүгүн француз президенти Эммануэл Макрондун чакыруусу менен өтүүчү кичи саммитке конок ээсинен тышкары Германия, Италия, Испания, Ливия, Чад жана Нигер өлкөлөрүнүн лидерлери чогулууда.

Улуттар уюмунун эсебине караганда, быйыл эле Жер ортолук деңизи аркылуу Европанын жээктерине кайык менен 125 миңдей мигрант жетти, 2400дөй деңизге чөгүп мерт болушту. Африкалык мигранттардын көпчүлүгү Евробиримдиктин башка өлкөлөрүнө жылганга чейин Италиянын жээктерине келип түшөт.

Европа өлкөлөрү буга чейин Африка мамлекеттеринин өкмөттөрүнө экономикалык мигранттардын жана башпаанек издегендердин агымын азайтуу үчүн жардам да сунуш кылган болчу.

Немис канцлери Ангела Меркелдин 27-августтагы билдирүүсүнө караганда, алар мыйзамсыз мигранттар агымын токтотуу үчүн Ливия жана мигранттарды чөл аркылуу Ливияга аткезчилик жол менен ташууну токтотуу үчүн Нигер өлкөсү менен да тыгыз иштешүүнү көздөп жатышат. (UE)

XS
SM
MD
LG