Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:58

Пакистан премьери: Трамптын Ооганстан стратегиясы иштебейт


Премьер-министр Шахид Хакан Аббаси.
Премьер-министр Шахид Хакан Аббаси.

Шахид Хакан Аббаси бул тууралуу Bloomberg News агенттигинде 27-августта жарыяланган маегинде билдирди.

“Биринчи күндөн тартып эле биз Ооганстандагы аскерий стратегия иштебей турганын ачык айтканбыз жана ал иштебейт. Бул жерде саясий жөнгөрүү болушу керек, маселенин маңызы мына ушунда” ,- деди Пакистандын өкмөт башчысы Bloomberg менен маегинде.

Премьер-министрдин кызматына үч апта мурда киришкен Аббаси кошумчалагандай, расмий Исламабад коңшу Ооганстанда террористтерге каршы күрөштү колдогону менен жаңжал Пакистан аймагына жайылышына жол бербейт.

АКШнын Ооганстан боюнча стратегиясын президент Дональд Трамп 21-августта жарыялаган болчу.

Трамп өз сөзүндө жаңы стратегия кандайдыр бир “мөөнөттөргө” эмес, жериндеги кырдаалга негизделерин белгилеген.

АКШ президенти ошондой эле Ооганстанда 16 жылдан бери уланып жаткан согушту жеңүүнү убада кылып, Вашингтон мындан ары Пакистандын “экстремисттер менен террорчуларга” башпаанек бериши менен келише албай тургандыгын да айткан болчу.

Пакистан бийликтери буга чейин Трамптын сөздөрүн сынга алган.

Расмий Исламабад буга тикелей байланыштырбаганы менен мамлекеттик катчынын жардамчысы Элис Уэллстин 28-августта баштала турган визити Пакистан тараптан токтотулду. (UE)

XS
SM
MD
LG