Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:42

Техастагы урагандан улам аймакта мунай-газ өндүрүш 20% кыскарды


Урагандан кийинки көрүнүштөрдүн бири. 26-августта тартылган сүрөт.
Урагандан кийинки көрүнүштөрдүн бири. 26-августта тартылган сүрөт.

Бул тууралуу АКШ бийликтери кабарлоодо. Ички иштер министринин 27-августтагы маалыматына караганда, Техас штатынын түштүк-чыгыш жээги кабылган Харвей ураганынан улам АКШнын Перси булуңундагы мунай өндүрүшүнүн 22%, ал эми табигый газ өндүрүштүн 26% үзгүлтүккө учурады.

Мындан улам АКШда бензиндин баасы 6% ашуун кымбаттай түшкөн. Бул акыркы эки жылдан ашык мезгил ичиндеги эң ири кымбаттоо.

Харвей ураганынын кубаттуулугу төртүнчү даражага чейин чыгарылган эле. Катуу шамал коштогон нөшөрдөн улам Техастын түштүк-чыгышында айрым аймактарда суу ташкыны да болду.

Урагандан эки кишинин өмүрү кыйылганы аныкталды. (UE)

XS
SM
MD
LG