Линктер

бейшемби, 26-апрель, 2018 Бишкек убактысы 13:36

Кыргызстанда 1-сентябрь күнү Курман айт майрамы белгиленерин Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Буга байланыштуу кыргызстандыктар 31-август - Эгемендик күнүнөн баштап төрт күн эс алышат.

Майрамга карабай, 1-сентябрда мектептерде Билим күнү да белгиленип, чогулуш жана класстык сааттар өтөрүн Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Мектептерде сабактар 4-сентябрда башталат.

Курман айт мусулмандардын негизги майрамдарынын бири. Бул күнү Сауд Арабиядагы ажылык сапарлары да жыйынтыкталат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG