Ирак армиясы билдиргендей, алардын күчтөрү өлкөнүн түндүк-батышындагы Тал Афар шаарынын 29 районунун дээрлик баарын “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларынан бошотту. Бирок согушкерлер учурда шаарга коңшу аймакты ээлеп турат.
Ирак армиясындагы генералдардын бири Яхиа Расулдун айтымында, армия бул жердеги жеңиш ИМ тобунун экстремисттеринен Тал Афардын борборунан 11 чакырым аралыктагы чакан ал-Аядиа району бошотулгандан соң жарыяланат деп күтүүдө.
Тал Афарга чабуул 20-августта башталып, ал жерде 2000дей согушкер бар деп болжолдонгон.
Тал Афардын алдында Ирактын АКШ колдогон күчтөрү бир нече айга созулган операциянын натыйжасында өлкөнүн экинчи ири шаары Мосулду бошоткон болчу. ИМ тобунун согушкерлери Мосулду 2014-жылдын жайынан бери ээлеп турушкан. (UE)