Расмий өкүлдөр билдиргендей, Ирак борборунун көбүнесе шиит мусулмандар жашаган Садр сити районундагы жашылча базардагы бүгүнкү жарылуудан дагы 25тен ашуун киши жаракат алды. Ал жерде жардыруучу затка шыкалган унаа жарылган. Унаанын ичинде жанкечти болгон-болбогону азырынча анык эмес.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды. Мындай билдирүүнү топтун “Амак” жаңылыктар агенттиги таратты.
Багдаддагы бүгүнкү жардыруунун алдында Ирак армиясы алардын АКШ колдогон күчтөрү өлкөнүн түндүк-батышындагы Талл-Афар шаарынын 29 районунун дээрлик баарын “Ислам мамлекети” тобунан бошотконун билдирген. Бирок согушкерлер учурда шаарга коңшу аймакты ээлеп турат.
Ирак армиясындагы генералдардын бири Яхиа Расулдун айтымында, армия бул жердеги жеңиш ИМ тобунун экстремисттеринен Талл-Афардын борборунан 11 чакырым аралыктагы чакан ал-Аядиа району бошотулгандан соң жарыяланат деп күтүүдө.
Талл-Афарга чабуул 20-августта башталып, ал жерде 2000дей согушкер бар деп болжолдонгон.
Талл-Афардын алдында Ирактын АКШ колдогон күчтөрү бир нече айга созулган операциянын натыйжасында өлкөнүн экинчи ири шаары Мосулду бошоткон болчу.
ИМ тобунун согушкерлери Мосулду 2014-жылдын жайынан бери ээлеп турушкан. (UE)