Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:18

Каримовдун кызы ЮНЕСКОдогу элчилик кызматтан кетти


Лола Каримова-Тилляева Самарканд шаарындагы конференцияда. 28-август, 2017-жыл.
Лола Каримова-Тилляева Самарканд шаарындагы конференцияда. 28-август, 2017-жыл.

Лола Каримова-Тилляева бул тууралуу бүгүн Самарканд шаарындагы конференцияда сүйлөгөн учурунда билдирди. Чечимин “үй-бүлөсүнө, жеке максаттарына, Ислам Каримов атындагы кор аткаруучу программаларга көңүл буруу” деп түшүндүрдү.

Лола Каримова-Тилляева - Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун кичүү кызы. Ал Өзбекстандын ЮНЕСКО уюмундагы элчилик кызматынан кетип жатканын атасы дүйнөдөн өткөнүнүн бир жылдыгы алдында жарыялады. Ислам Каримов былтыр 2-сентябрда каза тапкан.

Мурдагы президенттин улуу кызы, кезинде Өзбекстандын БУУдагы элчиси болгон Гүлнара Каримова азыр камакта. Өзбек бийликтери ал 2015-жылы беш жылга “эркиндигин чектөөгө” кесилгенин, ал эми Каримованын өнөктөштөрү опузалоо, акча уурдоо жана салык төлөөдөн качканы үчүн соттолгонун өткөн айда расмий жарыялашкан. (UE)

XS
SM
MD
LG