Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Азери бийлиги “шектүү террорчу” өлтүрүлгөнүн жарыялады


Баку шаары, 3-июль, 2017-жыл.
Баку шаары, 3-июль, 2017-жыл.

Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (DTX) 28-августтагы жарыясына караганда, террордук кол салуу пландады деп шектелген адам Бакудан түндүк-батыштагы Исмаили шаарчасындагы атайын операцияда жок кылынды.

“Бир катар террордук кол салууларды” пландаган деп шектелген адамдын улуту азери, ысымы Яшар Жавадов экени да айтылды.

Билдирүүдө Жавадов чет өлкөлөрдөгү аскерий жаңжалдарга катышканы, кол салуунун алдында күч түзүмдөрүнө ок ачканы да белгиленет.

Мындан сырткары Жавадовдон табылган документтер ал чет элдик террордук уюм тарабынан каржыланганын көргөзгөнү белгиленген. Бирок ал кайсы террордук уюм экени айтылган эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG