Техас штатынын бийлигинин акыркы маалыматы боюнча, бороон Луизиананы көздөй жылып жатат. Аталган штатта өзгөчө кырдаал киргизилгенин дүйшөмбүдө Си-Эн-Эн телеканалы кабарлады. Жакынкы күндөрү Техас менен Луизиана штаттарында катуу жаан жаашы күтүлүүдө. Нөшөрлөгөн жаандан улам Техастын Хьюстон шаарын катуу суу каптаган.
Хьюстон шаарынын мэри Сильвестр Тернер 5 жарым миңдей киши коопсуз жайларда башкалкалап жатканын, алардын саны өсүшү мүмкүндүгүн билдирди. Анын айтымында, табият кырсыгынан жапа чеккендерге кийим-кечек, балдардын азыктары, азык-түлүк, дары-дармек, куткаруу операцияларына катыша турган ыктыярчылар керек.
АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбүдө Америка мындай масштабдагы жаратылыш кырсыгына биринчи жолу кабылды деп жарыялады.