Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 28-августта Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди:
- Кыргызстанда 26 жылдан бери чек ара маселеси чоң көйгөй болчу. Эмки жумада Өзбекстандын президенти келем деп жатат. Ал киши менен абдан мамилебиз жакшы. Эки жума мурда эки өлкөнүн премьер-министрлери чогуу отуруп, чек аранын 84 пайызы боюнча келишим түздү. Өзбекстандын премьер-министринин 26 жылдан бери Кыргызстанга биринчи келиши болду.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга күтүлүп жаткан сапары кайсы күнү болору жарыялана элек.
16-августта Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өткөн, өзбек делегациясын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеп келген. Анда мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланган. Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзөт, анын 320 чакырымы тактала элек. (NT)