Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:55

БУУ Орусияны расизм менен ксенофобияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды


"Зенит" футбол командасынын күйөрмандары. Февраль, 2017-жыл.

БУУ Орусия бийлигин расизм жана ксенофобияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырды. Ага ылайык, саясатчылардын ксенофобиялык билдирүүлөрү үчүн айып пул салуу сунушталууда.

Дүйшөмбүдө БУУнун көз карандысыз эксперттер тобу "Расалык дискриминацияны жоюу" комитетинде баяндама жасашты. Анда документтин авторлору Орусияда 2018-жылы жайында өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин алдындагы фанаттардын жүрүм-турумуна өзгөчө көңүл бурушкан.

Баяндамада Түндүк Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган адамдар неонацисттер менен «казактар» деп аталган топтордун кол салууларына кабылары белгиленген. Уюмдун эксперттери Орусия полициясы көбүнчө башка расадагыларды камакка аларын билдиришти.

Москва укук коргоочулардын бул баяндамасын дыкат текшерип чыгууга убада берди. Ал арада "Интерфакс" агенттиги Женевадагы булагына таянуу менен БУУнун тыянагы Орусияга саясий милдеттенмелерди жүктөбөй турганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG