Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:09

Ошто мыкаачылыкка кабылган аялдын өлүмүнө келини шектелүүдө


Сөөк таштандыдан табылган. 27-август, 2017-жыл.

Ош шаарында башсыз сөөгү таштандыдан табылган аялдын өлүмүнө бир тууган эже-сиңдилер шектелүүдө. Алардын бири маркумдун келини экенин ШИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков кабарлады. Шектүүлөр 25 жана 37 жашта.

Расмий маалыматка караганда, келин үй-бүлөлүк чырдан улам кайненесин таш менен уруп өлтүргөнүн моюнуна алган. Сөөктү жок кылуу үчүн эжесинен жардам сураган. Сурак учурунда келин сөөктү өзү жалгыз кескенин, эжеси балдарды алаксытуу үчүн сыртка чыгып кеткенин айткан. Андан соң башы кесилген сөөктү тушкийизге ороп, баштыкка тыгып, таштанды челекке алып барып салышкан.

Маркумду 27-августта Социалдык университеттин маңдайындагы таштандыдан "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери таап алышкан. Бирок алиге чейин башы каерде экени белгисиз.

Үрөй учурган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголду. Шектүүлөр Чоң-Алайдын Дароот-Коргон айылынын тургундары экени аныкталды. (SE\YI)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG