Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Акыйкатчы "мектеп омбудсменин" дайындоону сунуштады


Кыргызстандын акыйкатчысы мектептердеги акча топтоого чек коюу боюнча билдирүү таратты. 29-августта таратылган билдирүүдө баланы биринчи класска акча менен орнотуу, "ата-эненин демөөрчүлүгү" сыяктуу каражат жыйноолор мыйзамсыз экени, бул көйгөй айрыкча Бишкекте көптүгү мисалдар менен айтылат. Бул жаатта омбдусменге кайрылуулар көп болуп, арыздар Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлгөн.

Жогорудагы көйгөйдү жоюу, мыйзам бузууларды аныктоо максатында аталган мекеме ар бир мектепте "Мектеп омбудсменин" дайындоону сунуштайт.

Акыйкатчы мектептердеги акча жыйноо көйгөйүнө тушуккан жарандарды телефондон 115 түз байланыш номуруна маалымат берүүсүн сурайт. Чалуу акысыз. (SE)

XS
SM
MD
LG