Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:26

"Ооганчы" ардагерлердин лидери Тыныбек Кадыров жол кырсыгынан каза тапты


Тыныбек Кадыров

Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы, бүгүн жол кырсыгынан набыт кеткен Тыныбек Кадыровдун сөөгү эртең Өзгөн районунда жерге берилет.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна уюмдун лидери, Жогорку Кеңеш депутаты Кожобек Рыспаев билдирди. Анын айтымында, маркумдун сөөгү бүгүн Бишкектен Өзгөнгө жөнөтүлөт.

Тыныбек Кадыров Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагалыгына былтыр 2-декабрда Бишкекте өткөн съездде шайланган. Өткөн түнү ал жол кырсыгына кабылып, алган жараатынан ооруканадан каза тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG