Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Жоочулардан бошотулган шаардан кыргыз паспорттору табылганы кабарланды


Согушкерлерден бошотулган аймак
Согушкерлерден бошотулган аймак

Иракта жоочулардан бошотулган Тал-Афар шаарынан Борбор Азия жарандарына таандык паспорттор табылганын Риа Новости агенттиги маалымдады. 28-август күнү таратылган кабарда аталган интернет басылманын кызматкери жеке булактары аркылуу документтерди көргөнү, арасында Кыргызстандын паспорттору да бар экени жазылат. Андан тышкары, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай жана Судан мамлекеттеринен берилген паспорттор болгон. Документ ээлеринин "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулганын тастыктаган жазуулар да чыккан. Бирок ал кагаздарга эч кандай дата коюлган эмес.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул маалыматка расмий каттын негизинде жооп берилерин билдирди.

Ирак армиясы дүйшөмбүдө билдиргендей, өкмөт күчтөрү өлкөнүн түндүк-батышындагы Тал-Афар шаарын “Ислам мамлекети” тобунун жоочуларынан бошотту. Бирок согушкерлер учурда шаарга коңшу аймакты ээлеп турат.

Тал-Афарга чабуул 20-августта башталып, ал жерде 2000дей согушкер бар деп болжолдонгон. (SE)

XS
SM
MD
LG