Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

АКШ менен Жапония Пхеньяндын ракеталык сыноосун кескин айыпташты


Жапон өкмөтү ракета Хоккайдо аралындагы Эримо булуңунун чыгышынан 1180 алыстыкта деңизге кулаганын билдирди.
Жапон өкмөтү ракета Хоккайдо аралындагы Эримо булуңунун чыгышынан 1180 алыстыкта деңизге кулаганын билдирди.

АКШ президенти Доналmд Трамп жана Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ Пхеньяндын кезектеги ракеталык сыноосунан кийин Түндүк Кореяга басымды күчөтүүнү макулдашты. 29-августта учурулган ракета Жапониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралынын үстүнөн учуп өтүп, деңизге кулады.

"Биздин өлкөбүздүн үстүнөн ракета учуруу олуттуу. Өлүмгө алып келе турган, мурда болуп көрбөгөндөй коркунуч туудуруп, аймактык коопсуздукка жана тынчтыкка доо келтирүүдө", - деди Абэ. Ал Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогулууга чакырды.

Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү бул ирет ракета Пхеньянга жакын жердеги Сунан районунан жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6га жакын кое берилгенин жарыялады. Маалыматка караганда, ракета 2700 чакырым учкан. Жапон өкмөтү ракета Хоккайдо аралындагы Эримо булуңунун чыгышынан 1180 алыстыкта деңизге кулаганын билдирди.

Түндүк Корея сынаган ракета Жапониянын үстүнөн акыркы жолу 2009-жылы учуп өткөн.

XS
SM
MD
LG