Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Трамп: Орусия менен алакабыздын жакшырышына ишенем


АКШ президенти Доналд Трамп.
АКШ президенти Доналд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Москванын алакасы жакшырарына ишенерин айтты. Бул тууралуу ал 28-августта Финляндиянын президенти Саули Ниинисто менен жолуккандан кийин айтты.

Балтика деңизинде өткөрүлгөн Кытай менен Орусиянын биргелешкен аскерий машыгуулары боюнча финн журналисттери берген суроого Трамп "Биз бул аймакты коргоп жатабыз" деп жооп берди.

- Мен так айтам, мен бул боюнча айтып келгем. Орусия менен алакабыздын жакшырышы туура болмок деп ойлойм. Бул абдан маанилүү жана эртеби-кечпи бул нерсе ишке ашат деген ишеничтемин. Бул чоң мамлекет. Бул өзөктүк куралга ээ мамлекет. Биз бул мамлекет менен жакшы мамиледе болушубуз керек, - деп кошумчалады Трамп.

Ушу тапта Кошмо Штаттарда Орусиянын өткөн жылдагы АКШда өткөн президенттик шайлоонун жүрүшүнө ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөө иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG