Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 21:32

Эки жашар кызы ооруп калган Салянованы сотко мажбурлап алып келмей болушту


Аида Салянова

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы сотко мажбурлап алып келишмей болду. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбеков чыгарды.

Салянованын адвокаттары анын эки жашар кызы ооруп калганына байланыштуу бүгүнкү сот отурумуна катыша албай жатканын айтышты.

Бирок прокурорлор аны мажбурлап алып келүү керектигин айтып, судья алардын бул өтүнүчүн канааттандырды.

Оппозиционер саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG