Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:58

Freedom House Өзбекстандагы "оң өзгөрүүлөрдү" белгиледи


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиëев.

Кошмо Штаттарда жайгашкан Freedom House укук коргоо уюму Өзбекстандын бийлигине жаңы президент Шавкат Мирзиëев келген бир жыл ичинде өлкөдө болуп жаткан "оң өзгөрүүлөрдү" эл аралык коомчулук таанып, "жүргүзүлүп жаткан реформаларды" кубатташы керек деп эсептейт.

28-августта жарык көргөн уюмдун баяндамасында 30 миллиондой калкы бар бул мамлекетти эл аралык коомчулукка ачык кылуу үчүн Мирзиëев айрым кадамдарга барганы жазылган.

Ошону менен катар мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун айрым аракеттерин басма сөз каражаттарда сынга алууга жол берилиши реформалардын ишке ашуусуна эмес, Мирзиëевдун бийлигин бекемдөөгө багытталгандай деп белгиленген баяндамада.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов былтыр 2-сентябрда дүйнөдөн өткөн. 3-сентябрдан тарта өлкө башчысынын милдетин аткаруу ошол кездеги премьер-министр Шавкат Мирзиëевге жүктөлгөн. 2016-жылдын декабрь айында өткөн шайлоодо ал алдыга чыгып, президент болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG