Гүлнура Төралиева өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка бүгүн премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Медиа боюнча эл аралык эксперт Гүлнура Төралиева бул кызматка экинчи ирет дайындалып жатат. Ал 2014-2015-жылы ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаевдун тушунда да өкмөттүн маалымат кызматын жетектеп иштеген.
Буга чейинки премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүндө маалыматтык камсыздоо бөлүмүн жетектеген Толгонай Стамалиева 28-августта өз каалоосу менен кызматын тапшырган. Учурда ал КСДП партиясынын президенттикке бирдиктүү талапкери Жээнбековдун шайлоо штабында. (RK)